Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча кам санагандыгы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымат таратышты.

Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Путин Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көңүл коюп, өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын баса белгиледи. «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерин чечүү ниеттерин оң кабылдадык. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, — деди Орусиянын президенти.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санагандыгы жана Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Өлкө башчысы Кыргыз Республикасы Орусия менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй тургандыгын баса белгиледи. Тараптар күн тартибиндеги биргелешкен бардык маселелер боюнча натыйжалуу диалогду улантууга даяр экендигин билдиришти.