Жапаров: «Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик»

«Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик». Бул тууралуу президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады. Ал Өмүрбек Текебаевдин “Азаттык” радиосуна берген маегин көрүп чыгып, анда Садыр Жапаров сунуштап жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дегенине кенен жооп кайтарган.

«Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы кызылдай эле бизнеске айланып кетти. Партиянын биринчи ондугуна кирген киши 1 миллион доллардан баштап, арты 200 миң долларга чейин берип, Жогорку Кеңешке депутаттык мандатты сатып алып, парламентке келип жатышты. Бул элдин баары билген кашкайган факты. Эл дагы добуштарын сата баштады. Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. 

Добуш сатып алган депутат кантип эл үчүн иштейт? Тескерисинче, шайлоодо короткон акчасын беш жыл бою толуктап эле тим болбостон, аны эки-үч эсе көбөйтүп алуунун жолун издейт.
2010-жылдагыдай азчылык «силер кимсиңер, силер эч ким эмессиңер» дебестен, аялдардын, жаштардын да укуктуу кызыкчылыктарын камтып, парламентке депутаттар 35и мажоритардык, 55и пропорционалдык шайлоо менен келишсин, адам укуктарын коргоону күчөтөлү, сөз эркиндигин да катуу коргогон нормаларды киргизгиле деп жатабыз. Текебаевге дагы эмне керек – эч түшүнбөйм?», — деп жазган Садыр Жапаров.