«Адашпайлы биз адамдар аңтарылып, чачылып»: Жапаров элге кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн расмий «Телеграм» каналы аркылуу элге кайрылуу жасады. Ал алдыдагы 6 айда жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынарын айтты.

“Жаңы кабыл алынган конституциянын жана жаңы мыйзамдардын негизинде жаңы реформалар, жаңы өзгөрүүлөр, жаңы таза профессионал кадрлар дыкат конскурстук текшерүүдөн өтүп келүүсү мыйзамдын чегинде гана жүрөт”, — деп билдирген Жапаров

Ошондой эле Жапаров бул процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынарын айтууда. Ошондой эле ал кайрылуусуна төрт сап ыр кошкон:

Аккан суудай шар агабыз шашылып,

Адашпайлы биз адамдар аңтарылып, чачылып.

Кээде байкап кээ бир, кээ бир адамдардын мүнөзүн,

Таң каласың айлаң кетип баш катып.