Жапаров: «Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын 1,5 эсе көп өндүрөт»

«Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын 1,5 эсе көп өндүрөт». Бул тууралуу энергетика тармагын трансформациялоо форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Жакын арада Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Суу сактагычтын көлөмү дагы 6 миллиард метр кубга чейин көбөйөт. Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын 1,5 эсе көп өндүрөт. Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталып, анын курулушуна бюджеттен каражат бөлүнгөн. Ошондой эле бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк тобу менен Ысык-Көл облусунда болжолдуу түрдө кубаттуулугу 100 МВт келген пилоттук күн долбоорун биргелешип ишке ашыруу маселеси боюнча тыгыз иштер жүргүзүлүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, сунушталган реформаларды жана артыкчылыктуу инвестицияларды ишке ашыруу үчүн 2030-жылга чейин болжол менен 14 миллиард доллар талап кылынат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал 2026-жылга карата 100 МВт кичи жана орто ГЭС, анын ичинде “Жашыл миллиард” программасы боюнча саатына 1 миллиард кВт энергия, 2030-жылга карата 700 МВт чейин күн долбоорлору ишке киргизилерине ишеним билдирди.