Жапаров Төрөбаевге автобус чыгаруучу ишкананы тийиштүү заказдар менен камсыздоону тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жайыл районунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды.

Акылбек Жапаров жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды өндүрүүчү ишкананын иши менен таанышып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге Бишкек жана Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларынын мэрлери менен бирдикте ишкананы тийиштүү заказдар менен камсыздоо, анын ичинде мамлекеттик банктар аркылуу кредит берүү жолу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ошону менен бирге «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына да ушундай эле жол менен жүк ташуучу унааларды сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.