Жапаров Төрөбаевге азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо милдетин жүктөдү

Бүгүн, 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаевди тааныштырды.

Акылбек Жапаров анын ишине ийгиликтерди каалап, Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштагы депутаты болгондугун жана Министрлер кабинетинде иштөө үчүн тийиштүү билимге жана тажрыйбага ээ экендигин белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысы Министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы орун басарынын алдына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жайды жана реалдуу секторду өнүктүрүү, айыл чарбаны колдоого алуу боюнча милдеттерди койду.