Жапаров: «Түркия Кыргызстандын карызын кечти»

Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-ноябрда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

«Эрдоган мырзага Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызыбызды кечүү боюнча кабыл алган чечими үчүн ыраазычылык билдире кетейин», — деди Жапаров.

Түркия кечкен 62 миллион доллар өлкөдө жашыл экономикага жумшалары маалым болду.