Жапаровдон улам Сооронкулова БШК менен соттошот

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Садыр Жапаровдун каттоосунан улам Боршайком менен соттошот. Журналисттерге билдиргенине караганда, ал Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз менен кайрылганы жатат.

“БШК Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабашы керек болчу. Себеби ал президенттин милдетин аткаруучу кызматынан расмий түрдө кеткен эмес жана өкмөт башчынын милдетин убактылуу токтото турган, мыйзам боюнча ал бул кызматтан кетиши керек эле”, — дейт Сооронкулова.

Буга чейин ушул эле талаштуу маселе боюнча БШК Садыр Жапаров талапкер болуп катталууда эч кандай мыйзам бузган эмес деп жооп берген.