«Жапаровдордун атынан болчу». Президент жубайы кайрымдуулукка кайдан акча алганын айтты

«Айгүл Жапарованын 500 миң сом бергени боюнча, бул Жапаровдордун атынан берилген сумма болчу». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«Эми Айгүл Жапарова сөзгө чоркоктук кылдыбы толук айта албай, сүрдөп, барып салып коюп кете берди. Министр айтып койсо болмок. Мен башында министрге айткам. Жапаровдор 11 бир тууган элек. Бирөө каза болгон, ону бар. Эжелерим, агаларым акча топтоп, Жапаровдордун атынан деп берген», — деди ал.

Садыр Жапаров 15-октябрда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышкан. Президент мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 миллион сом, ошондой эле биринчи айым Айгүл Жапарова президенттин үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом бергени маалым болгон.