Усубалиевдин унаасы: Садыр Жапаровду алдап кетиштиби?

Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонд президент Садыр Жапаровго белекке берилген унаа Усубалиевдин жеке унаасы болбогонун, саясий ишмерге эч кандай тиешеси жок экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти.

«Турдакун Усубалиевдин атына эч кандай техникалык каражат катталган эмес. Ошондой эле СССР убагындагы саясаттан улам жогорку кызматтагы адамдарга мындай белектердин берилиши мүмкүн эмес болгон. Мындай унаа берилген күндө да атайын кызматтын жана партиянын көз жаздымында калмак эмес», — деп жарыялашты фонддон.

Аны менен катар фонд Жапаровго берилген унаанын Усубалиевге тиешеси жок экенин тастыктоочу расмий документтерди да таратты.

Бүгүн, 9-февралда президент Садыр Жапаров Кочкор районунун тургуну Турдакун Усубалиевдин автомашинасын тартуулаганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, белекке берген адам менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Анда ал Турдакун Усубалиевдин автоунаасын музейге тапшырарын айткан болчу.