Жапаровду Мамлекеттик күзөт кызматы коштоп жүрөбү? Териштирүү аягына чыга элек

Кечээ БШКда президенттикке талапкер Садыр Жапаровду Мамлекеттик күзөт кызматы коштоп жүрөт, атүгүл үгүт иштерине катышып жатат деген маалымат боюнча териштирүү болду.

Талапкердин өкүлү сөз болгон коштоп жүргөн адамдардын Мамлекеттик күзөт кызматына эч кандай тиешеси жоктугун айтты. “Алар Садыр Жапаровдун тарапташтары жана алар саясатчы түрмөдөн чыккан 6-октябрга караган түндөн бери чогуу жүрүшөт. Жапаров президенттин милдетин аткаруучулукту өткөрүп берери менен Мамлекеттик күзөт кызматынан баш тарткан”, — деди талапкердин өкүлү.

Эмне үчүн анда курал менен, чемодан менен жүрүшөт деген суроого талапкердин өкүлү тапанчалары оюнчук болушу мүмкүн жана чемоданда элдин каттары жана арыздары бар деп жооп берди.

Териштирүүнүн жыйынтыгында БШКнын жумушчу тобу УКМКга Садыр Жапаровдун Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматынан колдонууну улантып жатышын аныктоо үчүн кат жөнөтүүнү чечти.