Жапаровду УКМКнын кызматкерлери коштоп жүрөбү? БШК, ИИМ, Башкы прокуратура териштирет

Эмне үчүн президенттикке талапкер Садыр Жапаровду үгүтчүдөй болуп кийинген УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери коштоп жүрөт? Бул окуя боюнча тарап кеткен сүрөттөрдү БШК, ИИМ жана Башкы прокуратура текшерип чыгат.

“Садыр президент” деген жазуусу бар шапка жана жеңи жок кийген эркек кишилердин сүрөттөрү кечээ күндөн бери социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Айрым интернет колдонуучулар Жапаровду дале жан сакчылар кайтарып жүрүүсүн административдик ресурсту колдонуу катары баалашса, кээ бирлери “мамлекеттик кызматкерлер иш учурунда эмне үчүн үгүт кылып жүрүшөт?” деп суроо салышты.

Буга байланыштуу юрист Замир Жоошев да билдирүү жарыялап, анда кызматтык милдетине тиешеси болбогон учурда Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерин ишке тартуу мыйзамсыз экенин жазды.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, эгерде сүрөттөгү адамдардын Мамлекеттик күзөт кызматында иштей тургандыгы ырасталса, анда БШК чара көрүүгө милдеттүү болуп калат. “Биринчиден, үгүт иштери үчүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин колдонууга тыюу салынган. Экинчиден, Садыр Жапаров эмненин негизинде Мамлекеттик күзөт кызматына кайрылган? Анын учурдагы абалы калган талапкерлерден айырмасы жок болушу керек. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жан сакчы алып алганы болбойт”, — деди Журабаева.

Жогорудагы кабарга улай эле дагы бир маалымат БШКнын көзүнө түштү. “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков социалдык тармактагы баракчасына “Талас эли Садыр Жапаров менен… Шайлоо 2021” деген билдирүү жарыялаган. Бул боюнча БШКнын координациялык тобу текшерүү иштерин баштады жана бул факты боюнча ИИМ менен Башкы прокуратурага да маалымат берилди. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын чыгарып, аны жайылтууга укугу жок.

Садыр Жапаров талапкерлигин коюу алдында президенттин милдетин аткаруучулукту өткөрүп берип, өкмөт башчылык милдетин токтотуп, ошондой эле “мен бардык талапкерлер менен бирдеймин, азыр эч киммин” деп билдиргени маалым.