Жапаровдун ант берүү аземине президенттикке талапкерлигин койгондордун көпчүлүгү чакырылган жок

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине шайлоодо ага атаандаш болгондордун көбү чакырылган эмес. Бул тууралуу SEREP MEDIA  маалымат агенттигине президенттикке ат салышкан талапкерлер Клара Сооронкулова жана Равшан Жээнбеков билдиришти.

“Инаугурация аземине президенттикке ат салышкандардан Имамидин Ташев менен Бабур Төлбаев чакырылыптыр. Мен башка талапкерлер менен да байланыштым, көпчүлүгүнө чакыруу келбептир. Тандап гана чакырган го”, — деди Жээнбеков.

Ал эми Адахан Мадумаровго ант берүү аземине чакыруу кагазы келген, бирок инаугурацияга барган эмес. Дагы бир талапкер Каныбек Иманалиев инаугурацияга Жогорку Кеңештин дедутаты катары катышканын айтты.

Президенттикке талапкерлигин койгон Абдил Сегизбаев менен Курсан Асанов учурда тергөө абагында.