Жапаровдун басма сөз катчысы жаңы кызматтуу болду

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы, кийин кеңешчиси болгон Дастан Дүйшөкеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттык” жазды. Дүйшөкеевдин жаңы кызматка келгени тууралуу расмий маалымат жарыяланган эмес. Ал тышкы саясат бөлүмүн 17-ноябрдан бери жетектеп жатканы маалым болду.

Дастан Дүйшөкеевдин 33 жашта экендигинен башка буга чейинки эмгек жолу жана кайсы кызматтарда иштегени тууралуу маалымат жок.