«Жапаровдун киреше булагы кайдан?». Сегизбаевдин өкүлү БШК менен Салык кызматына арыз менен кайрылды

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин ишенимдүү өкүлү Айжан Мусаева БШКга жана Салык кызматына арыз менен кайрылды. Анда ал президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары менен анын чыгымдалышы тууралуу маалыматты карап чыгууну талап кылууда.

Мындай кайрылууга ал Садыр Жапаров өз атынан шайлоо фондуна которгон акча каражатынан салык төлөнүп же төлөнбөгөндүгү кызыгуу жаратып жатканы себеп болгон. “Ал эсепке 15 миллион сом которгон. Бирок бул суммадан салык төлөндүбү? Себеби ал октябрга дейре түрмөдө отурган. Анын киреше булагы кайдан?” деп суроо салган талапкер Абдил Сегизбаевдин өкүлү.

Буга чейин БШК 31-декабрга карата талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат таратып, анда Садыр Жапаровдун эсебине 62 миллион сомдон көбүрөөк түшүп, анын 57 миллион сомдон ашуунун коротконун көрсөткөн.