Жапаровдун Өзбекстандан кийинки иш сапары Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга болот

Президент Садыр Жапаров  Өзбекстандан кийин иш сапары менен Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Кытайга барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 4-марттагы басма сөз жыйынында айтты.

Жапаровдун Ташкентке иш сапары 11-12-мартка пландалган.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 27-февралда Бишкекке келип, Жапаров менен жолуккан. Ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун берген.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров февраль айында чет өлкөлөргө расмий иш сапарын баштаган. Ал буга чейин Орусия жана кошуна Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен барып келди.