Жапаровдун талапкер болуп катталышынын мыйзамдуулугу боюнча Административдик сотко арыз жазылды

Бүгүн, 29-декабрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Каныбек Иманалиев жана Клара Сооронкулова шайлоонун экинчи туру болсо, алар бириге тургандыгын жарыялашты. Бирок бирдиктүү талапкер ким болорун ачыкташпай, күчтү бириктирүү экинчи турга чейин да болуп калышы мүмкүн дешти. Мадумаров үгүт кампаниясы кысым көрсөтүү, административдик ресурс колдонуу шартында өтүп жатканын, мындан улам шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышын күтүп жатышканын жар салды.

Ошондой эле жогорудагы 4 талапкердин айтымында, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовго карата Жогорку Сот чыгарган бардык актоо чечимдери боюнча Соттор кеңешине кайрылышат. “Эгерде жаран мыйзамсыз соттолсо, анда анын акталышы мыйзамдуу болушу керек. Соттук отурумдар жашыруун эмес, ачык өтүшү кажет эле”, — деди Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Сооронкулова. Буга байланыштуу Жапаровдун президенттикке талапкер болуп катталышынын мыйзамдуулугу боюнча Административдик сотко да арыз жазышканын билдиришти. Мыйзам боюнча, арыз эки күндүн ичинде каралышы шарт.

Буга чейин юрист Нурбек Токтакунов дагы Жапаров, Ташиев, Мамытовду актаган Жогорку Соттун судьяларына каршы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына кайрылганын маалымдаган болчу.