Жапониянын элчиси Сигэки Маэда кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигеки Маэда кыргызстандыктарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Сигеки Маэда  кыргызстандыктарга ден-соолук жана бакубат жашоо каалап, куттуктоого анын жардамчысы да кошулду.

«Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, Нооруз майрамы жумуш эмес күн болуп саналат жана дүйшөмбүгө жылдырылат. Ошондуктан, Жапониянын элчилиги 22-мартта иштебей тургандыгын маалымдайбыз »,— деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкекте Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген.