Жапыкеевдин кустурмайы Жапаровдун аялына жетти

Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевдин айтымында, депутат Акылбек Жапаровдун жубайы мамлекетке 200 миллион сом төлөдү.

Буга чейин Акылбек Жапаровдун аялына караштуу компания салык төлөбөгөндүгүнө байланыштуу иликтөө иштери башталганы маалымдалган. “200 миллион сомду экиге бөлүп которду. Тергөө иштери жүрүп жатат” деди журналисттерге Жапыкеев.