Жапыкеев: «Текебаев жана Жээнбеков менен тарых тууралуу көп сүйлөшөбүз. Эмне болбойбу?»

Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков менен жүрөт экен деген кептер чыгып жүрөт. Анда-санда кезигип чай ичип, өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп калмай жерибиз бар. Бул тууралуу Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, ал эки саясатчы менен тынч эле тарых жөнүндө сүйлөшөт.

«Достор, ушул кээде журналисттер менин жашоомду менден да жакшы билишет окшойт деп ойлойм,  сураныч, такталбаган нерсени жазбасак. Дайыма эле айтам го, мен саясатчы эмесмин. Достор, азыр жай мезгилинде ден соолукту чыңдап, карап, жаратылыш, жайлоо, тоо, токой кыдырыш керек. Жай мезгили бул саясат эмес, саякат кылчу мезгил.

«Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков менен жүрөт экен, алар менен чай ичип отурат» деп сүрөт менен чыгып жүрөт. Анда-санда кезигип чай ичип, өткөн кеткенди сүйлөшүп отуруп калмай жерибиз бар. Себеби билимдүү инсандар менен сүйлөшкөн башкача. Сүйлөшсөк тынч эле тарых жөнүндө көп сүйлөшөбүз. Эми эмне сүйлөшсө болбойбу?

Достор, дагы бир ирет айта кетейин! Мага эч ким душман эмес, мен да аларга же буларга душман эмесмин. Азыр саясатты баарыбыз токтотуп, Баткенди карашыбыз керек. Экономика өнүксүн дешибиз керек. Кыскасы, тытышпай жашайлы. Садыр Нуркожоевичке убакыт берели, ал иштесин. Ар бир сөзүнө жабышпайлы», — деп жазды ал.

Буга чейин соцтармактарда анын Текебаев жана Жээнбеков менен чай үстүндө отурганда тартылган сүрөтү тараган. Интернет колдонуучулар «Жапыкеев оппозиция тарапка өтүп кеттиби?» деген пикирлерин жазышкан эле.