Жарака кеттиби? Эки достун эсин оодарган спикерлик…

Ушул күндөрү жаңыдан шайланган Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын төрагасын шайлоо маселесинде президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тирешүүсү апогейине жеткендигин өздүк булактар айтышууда.

Тагыраагы Садыр Жапаров азыркы төрага Талант Мамытовду кайра ордуна шайлоого көшөрүп жан үрөп жатса, Камчыбек Ташиев жаңы парламентке жаңы төрага келиш керек деп кадимкидей кыр көрсөтүп, экөөсү бир тилге келбей жаткандыгы белгилүү болду. Анан да жаңы депутаттар эле эмес, кайра шайланып келген эски депутаттардын да көбү Талант Мамытовдун кайра төрага болушуна караманча каршы болуп жатышкандыгы маалым болду.

Президент болбой эле Талант Мамытовду күчкө салып, төрагалыкка шайлаттырса, анда мен кызматымды таштап кеткенге даярмын деп Камчыке катуу айтып жаткандыгын өз кулагы менен уккандар айтып, эси ооп турушат. Эгерде окуя ушул калыбында уланып, чын эле Ташиев “тойдум” деп таарыныппы же ачууга алдырып кетип калса, анда Садыр Жапаровдун эртеңи кейиштүү аякташын тездетпейби? Азыр бийликке нааразы болгондор менен “жабыркагандар” биригип алышып, жаз алды менен көтөрүлүшкө чыкса, эмне болот?.. Анда эле Садыр Жапаров аларга жалгыз туруштук бере албай калат го. Камчысын жоготкон Ажонун акыбалын элестетүү кыйынго…