Жарандардын даттанууларынан кийин 5 салыкчы кызматтан бошотулду

Салык кызматына 2020-жылы жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн 127 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Анын негизинде 5 салык кызматкери иштен алынган. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда жарандардан келген бардык нааразычылыктар, даттануулар кабыл алынганы айтылып, натыйжасында 51 кызматкер жазаланганы маалымдалды. Анын ичинен 5 кызматкер кызматтан бошотулуп, дагы 16 кызматкерге катуу сөгүш, 7 кызматкерге сөгүш, 10 кызматкерге эскертүү берилсе, 3 кызматкер ротацияланган.

Мындан тышкары кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүп берилген.