Жарандык активист Садыр Жапаровдун Атамбаевге жазган кайрылуусун эске салды

Жарандык активист Гүлжигит Исаков Садыр Жапаров абакта отурганда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жазган кайрылуусунун сүрөттөрүн жарыялады.

Анда Садыр Жапаров «Кумтөр» маселесин көтөрүп, аны мамлекетке алууну сунуштаган.

Гүлжигит Исаков өз билдирүүсүн «Тыкылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз!» «Жигит бир сүйлөйт!» «Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн!» деген макалдар менен коштогон.