Жарандык активист суроо салат: «Кененбаевдин да Кой-Таштагы жер тилкеси текшерилеби?»

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылынан алып иштеткен жер тилкенин жанында Ысык-Ата районунун экс-акими, Максим Бакиевдин кайнатасы делген Болот Кененбаев иштетип жүргөн жер тилкеси бардыгын жарандык активист Адилет Балтабай фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Абдил Сегизбаев мырзаны жер алып иштетет деп моюнуна күнөө илгени жатышат. Кой-Таш айылында Абдил мырза жер иштеткен жайда Болот Кененбаев да жер тилкесин иштетет. Болот Кененбаевди Максим Бакиевдин кайнатасы дешет. Бийликтегилер Максим Бакиевдин кайнатасынын жер сатып алганын да текшереби? Ага көз жумуп, Абдил Сегизбаевге атасынан калган айылдагы бактарды сактап калуу аракетин, жер тилкесин арендага алып иштеткенин кылмыш дегени, бул бийликтин эптеп эле өчөштүк кылуусунан кабар берет.
Чүйдө канчалаган жерлерди ар ким арендага алып иштететип эле келет. Ошолор да кылмышкер аталышы керекби? Жаш ишкерлер жер тилкелерин алып, күнөскана, көчөткана кылып иштетип эле жүрүшпөйбү. Абдил мырза бийлик башчысына негизги атаандаш болуп калгандан кийин, ага карата саясий каршылаштык башталды деп түшүнөм…”, — деп жазды коомдук активист. Ал Супер ТВга “Кененбаевдин жер тилкеси Сегизбаев иштетип жаткан жер тилкесинен алдаканча чоң. Стрельников айылында дагы башка бир нече жер тилкелери бар, аны Кой-Таш, Арашан айылынын тургундары баары билет”,- деп кошумчалады.
Кененбаевдердин бир уулу Алмаз Кененбаев Сооронбай Жээнбеков бийликте турган тушта президенттик аппарат башчынын орун басары болуп турган.