Жаркынбек Касымбеков саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду

Жаркынбек Касымбеков саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Өзүнүн айтымында, бошотуу чечими өткөн аптада кабыл алынган.

Ал 2022-жылдын 4-июнунда министрдин орун басары болуп дайындалган. Ошондой эле 4-июндан 23-августка чейин Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткарган.