«Жаш балдарыбыз өлүп жатса, парламентте отурганга болбой калды». Икрамов эмнеге Баткенге барганын айтты

Тажик тараптан болгон агрессия боюнча Жогорку Кеңештин жабык жыйыны болду. Ал жерде биздин жоокерлер, каза болгон жарандар тууралуу маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Парламентте «элин-жерин сүйөм дегендер Баткенге барып, ошол жерде алдыда туруп, биздин аскерлер менен мекенди коргоону каалагандар баргыла» дешти. Коргоо министрлиги, УКМК келип парламентте айтып жатканда кимге ишенебиз? Жаш балдарыбыз өлүп жатса, парламентте отурганга болбой калды. Биз жерди коргоп, мекен үчүн турабыз» деп бардык», — деди ал.