«Жаш, жакшы жигит деген жумуш жок». Депутат министрдин орун басары орус тилинде жооп берип жатканына нааразы болду

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Депутат Кундузбек Сулайманов орун басардын суроолорго орус тилинде жооп берип жатканына нааразы болду.

«Бул министрдин орун басары кечээ да комитетке келди эле. Анда да биз эскертүү бергенбиз. Суроону депутаттар кыргызча берип жатышат. Бул жигит орусча жооп берүүдө. Эмне кыргызча билбейсиңерби? Муну кайсы критерий менен жумушка алгансыңар? Тилди билбегендерди жумушка албайбыз дебедик беле. Кечээтен бери тил угуп, бирок өзүнүкүн бербей жатат», — деди эл өкүлү.

Ал эми Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү бул эске алынарын, орун басар жаш жигит экенин айтты.

«Жаш жигит деген жумуш жок. Жакшы бала деген жумуш жок. Биз сыйлайбыз орус тилин, билгени жакшы. Керектүү учурда пайдалансын да», — деди депутат.