«Жашоо бумеранг». Депутат экс-президентти артыкчылыктардан ажыратуу Жээнбековго да тиешелүү болушу керектигин айтты

«Сиз мыйзам кийинки президенттерге иштейт, мыйзам Сооронбай Жээнбековго иштебейт деп жатасыз», — деп билдирди депутат Дастан Бекешев кесиптеши Жеңишбек Токторбаевдин экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзамын талкуулап жатып. 

Токторбаевдин айтымында, бул мыйзам кабыл алынгандан кийинки президенттер үчүн гана иштейт. Бекешев бул мыйзам долбоор абдан кызыктуу экенин билдирди.

«Жээнбековго мыйзам иштебейт. Бул туура эмес. Жээнбеков өзү Алмазбек Атамбаевге карата мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Конституциялык палатага кайрылган. 6-чакырылыштагы депутаттар колдоду. Эч нерсе болгон жок. Ошол учурда ал өч алды, бирок бумеранг бар. Ал да көрсүн. Менимче, башка президенттерге сабак болот. Андай кылбасак, анда мыйзамдын эмне кереги бар. Садыр Жапаровго каратабы? Жашоо бумеранг. Жээнбеков эмнеге кеткенин билбейбиз. Балким «жок дегенде, статусту сакта» деп кеткендир», — деди депутат. 

Депутат президент Садыр Жапаровго да кайрылды. «Мен президентке кайрылгым келет, ал өзүн эч кандай милдеттенмелерге байлап албашы керек. Ал Кыргызстандын президенти, эч кимге карызы жок. Убагында Жээнбеков Атамбаевге эч кандай карызы жок экенин айткан», — деди Бекешев.