Эрбол Султанбаев: «Атамбаев башкарган кезде позитивдүү учурлар болгонун унутпашыбыз керек»

«Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты». Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү. Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы. Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда. Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет. Президент Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет. Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок»,- деди ал.

18-февралда президент Садыр Жапаров жаңы пост жазып, мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургузганын жазган. 19-февралда Алмазбек Атамбаев социалдык тармактагы баракчасында жолугушуу боюнча үн катып, аягында эч ким менен коштошпой чыгып кеткенин жазган. Ал эми Аскар Акаев демилгени колдоого чакырганын билдирди.