«Же электр жарыгы, же интернет жок». Улукбек Марипов чиновниктерди начар иштегендиги үчүн урушту

Эсепке алынбаган/контрабандалык жол менен ташылган импортко тыюу салуу жана ага карай салык чогултууну башкаруу ишин күчтөндүрүү зарыл. Бул туурасында тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусундагы кеңешмеде Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

«Бүгүнкү күндө салыктык башкарууну санариптештирүү алкагында электрондук отчеттуулук, электрондук эсеп-фактуралар, мунай продуктулары боюнча электрондук товар-транспорттук коштомолор, май куюучу жайлардагы автоматташтырылган башкаруу тутуму, «Бириккен пост» автоматташтырылган башкаруу тутуму сыяктуу маалыматтык тутумдарды ишке киргизүү процесси башталды. Алардын ишке киргизилиши бюджетке салыктардын түшүүсү жогорулагандыгы жаатында оң жыйынтыктарды көрсөтүп, келечекте мультипликативдик натыйжа берет. Бардыгы жакшы өңдөнөт. Бирок баары эле ойдогудай эмес. Тутумда көптөгөн тоскоолдуктар бар — же электр жарыгы, же интернет жок. Аткаруучулардын мындай ондогон жооптору бар. Айтаарым актанып, ар-кайсы себептерди айтууну токтотуңуздар. Орнотулган автоматташтырылган тутум үзгүлүтүксүз иш алып барышы тийиш», — деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы болуп өткөн окуяларга жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тийиштүү кошумча чыгымдарга байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун булактарын издөө зарылдыгын белгиледи.