«Же «стукач» же «с*ка» болосуң». Депутат тергөө менен кызматташууну алып салуу керек дейт

Бизге прокуратура менен Ички иштер министрлиги эле керек. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

«Оор кылмыштарды прокуратурага, оор менен жеңилди ИИМге бергиле. Эмне кереги бар Финпол, Антикоррупциялык кызмат? Сиз ошолорго ылайыкташтырып алып келип жатасыз да. Бул мыйзам долбоордо аша чапкан жерлер көп экен. Кодекстерде элди иренжиткен эки эле нерсе бар: тергөө менен кызматашуу, анан «кустуруу» операциясы да. Ушул эки нерсе жаңы кодекстерге кирдиби?» — деди ал.

«Жаңы кодекстерде тергөө менен кызматташуу деген жок. Ал эми «кустуруу» деген дегеле кодекстерде жок. Бул тергөөгө шектелген адамдар өз каалоосу менен мамлекетке акча которуп жатат», — деди Башкы прокурор Курманкул Зулушев.

«Тергөөчү айтат экен да, же «стукач» же «с*ка» болосуң депчи. Анан 10 миллион доллар уурдагандар 10 миллион сом штраф менен чыгып кетип атканда, эл ушуга нааразы болуп жатат», — деди эл өкүлү.