Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жээнбек Кулубаев Кытайда тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Эмнелер талкууланды?

16:35 27.04.2023
0
Жээнбек Кулубаев Кытайда тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Эмнелер талкууланды?

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-апрелде Сиань шаарында өткөн «Кытай – Борбордук Азия» тышкы иштер министрлеринин 4-жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Кытай менен кызматташуу, региондогу стабилдүүлүк менен коопсуздукту жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү сактоо маселелерин талкуулашты. Тараптар кызматташуунун жалпы кызыгууну жараткан конкреттүү негизги багыттары боюнча механизмдердин жана платформалардын маанилүүлүгүн белгилешти.

«Өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары айыл чарба, энергетика, транспорт, жашыл жана санариптик экономика, технологиялар сыяктуу чөйрөлөр аныкталды. Мындан тышкары, билим берүү, туризм, илим жана техника жаатындагы алмашууларды кеңейтүү, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо контекстинде маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Бажы, санитардык-карантиндик чөйрөдөгү, ошондой эле жаңы практикалык максаттарга жетүү үчүн «Бир алкак – бир жол» демилгесин илгерилетүү, өз ара соода-сатык жол-жоболорун жеңилдетүү, электрондук коммерцияны кеңейтүү боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгү баса белгиленди.

2023-жылдын май айында боло турган «Кытай – Борбордук Азия» биринчи саммитинин мазмундук бөлүгүн талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери, БУУнун жана ШКУнун алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду.

Кулубаев өз сөзүндө «Кытай – Борбордук Азия» кызматташуу форматы Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен ишенимди бекемдөөгө, региондо стабилдүүлүктү камсыздоого жана практикалык кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталууга тийиш экенин белгиледи. Региондун жалпы экономикалык дараметин тастыктоо менен, региондун дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.

Министрдин пикиринде, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн географиялык жайгашуусу Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын ортосунда соода-сатык жана ташууларды ишке ашыруу үчүн маанилүү кургактагы транзиттик зона болууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн транспорттук-логистикалык интеграциялоо деңгээлин жогорулатуу, региондо жаңы транспорттук түйүндөрдү жана коридорлорду түзүү зарыл. Бул жагдайда үч өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн чоң мааниге ээ болгон «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Биргелешкен маалыматтык коммюникеге жана «Кытай – Борбордук Азия» саммитинин Сиань декларациясын кароонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюшту.

Иш-чаранын соңунда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг уюштурулду»,- дешти.

 

1 / 6
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү