Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Бугүн, 5-майда Панажи шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нью-Дели шаарында өтө турган ШКУнун саммитине даярдык көрүү маселелери жана Иран менен Беларустун ШКУга мүчө-мамлекети катары кабыл алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Министр өз сөзүндө аймактын транспорттук потенциалын мындан ары чыңдоо максатында ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө чоң көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Эл аралык күн тартибинин контекстинде кыргыз тарап тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эл аралык аренада жылдырууну жактай турганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясы менен 2023-2027-жылдар «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» деп жарыяланды, ал эми ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын резолюциясы «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жыл» деп жарыяланды.