«Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн». Депутаттардын чогулушунун себеби айтылды

Бүгүн, 26-ноябрда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Буга чейин күн тартибиндеги маселелер белгисиз болуп жаткан. Парламенттин басма сөз кызматы маалымат таратып, күн тартибинин долбоору менен бөлүштү.

Күн тартибинин долбоору:

1. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;

2. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу.