Жээнчороев Ибраевге: «Эркек болсоңуз далилдеп беришиңиз керек»

Бүгүн, 29-сентябрда депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эмне үчүн кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын сураган. Депутатка бул Абдыгуловдун өзүнүн чечими экени айтылганда «Кара пиар менен алектенген уятсыз алдамчылардын аракеттеринен улам биз кесипкөй кадрларыбыздан айрылдык» деген.

Ага карата Саматбек Ибраев:  «Мына менин дарегиме абдан катуу сөздөрдү айтып жатышат. Мирлан Жээнчороевге сунуш айтат элем. Бири-бирибизге катуу сөз айтпайлы. Мен эки эле жолду көрүп турам. Же соттошушум керек, же эшикке чыгып эркекче бирге-бир чыгыш керек», — деди.

Буга жооп кылып Жээнчороев төмөндөгүлөрдү айтты: «Мен регламентке ылайык, эч кимдин атын атаган жокмун. Эгерде айтылган сөздөрдү өзүңүзгө алып, жооп берип жатсаңыз, демек, сизде жоопкерчилик бар экен. Эмне менен алектенип жатканыңызды да билет экенсиз. Мени анча-мынча адамдар коркута албайт. Мен баардык жагдайларга даярмын. Эгер сиз эркек болсоңуз, анда эки жолду тең далилдешиңиз керек. Мыйзам астында жооп бергенде, мыйзам биз тарапта болот деп ойлойм. Биз дадилдеп беребиз, кимдин, каяктан эмне алып жүргөнүн».