«Жеке таарыныч, себепсиз өч алуудан чарчадык!» Сеид Атамбаев атасына тагылган айып тууралуу үн катты

Бүгүн, 1-июнда Алмазбек Атамбаевге Июнь окуясы боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, дагы бир айып тагылганы маалымдалган. Мурдагы президенттин уулу Сеид Атамбаев атасына тагылган айып боюнча социалдык баракчасына билдирүү калтырды.

«Атама күч, ден соолук каалайм! Калп, каралоо, жеке таарыныч жана себепсиз өч алуудан чарчадык! Президент плинтустан төмөнкү деңгээлге түшпөшү керек эле. Балким, бизге жамандык кылып, ошондон рахат алып жаткандыр. Мен кандай сөз айтышты да билбей калдым. Бул кандайдыр бир садомазохизм. Сиз биздин мүлктөрдү конфискациялап бүттүңүз, эми ашыкча кыянаттык кыла бербеңиз да! Бул Кудайга да жакпайт! Майдачылдык, төмөндүк, башка сөз жок! Кыргыздарда «Бүлүндүргөндөн бүлдүргү алба» деген жакшы макал бар. Менин билдирүүмдү окуп жаткандар мени түшүнүшөт.
P. S. Зөөкүр болбоңуз! Аман эле болуңуз, президент!»,  — деп жазды Сеид Атамбаев.