«Жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз». Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Акылбек Жапаровду каралоого карата үн катты

«Жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз». Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду каралоого карата үн катты.

«Социалдык тармактарда Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда. Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүч менен белгилейбиз.

Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экени белгилүү. Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, Министрлер кабинетине алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактарда эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым.

Министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаровдун командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда. Мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга ар дайым даяр. Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз», — деп жазылат билдирүүдө.