«Желектер илинип, килем төшөлүп…» Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Стамбул шаарындагы “Ататүрк” эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто ТМКК катышуучу-мамлекеттеринин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилген.

Сапар алкагында мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат. Ошондой эле, саммит аянтчасында президент Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.