«Желекти көргөн эмесмин». Дастан Бекешев каршы добуш берерин айтты

«Мен Кыргызстандын желегин көргөн эмесмин. Бирок аң-сезимим менен кандай туу болбосун, ал өлкөнүн өсүп-өнүгүшүүнө тоскоолдук кылбай турганын түшүнөм». Бул тууралуу Дастан Бекешев билдирди.

Депутаттын айтымында, ал да шайлоочулары сыяктуу эле желекти өзгөртүүнүн маанисин түшүнбөй жатат. «Ошол үчүн мен каршы добуш берем», — деди ал.