27-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага учуп кеткен.
Ал эми Камчыбек Ташиевдин атынан ачылган Фейсбуктагы баракчада Женевада сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы аяктаганы жазылды. Андагы маалымат боюнча, сүйлөшүүлөргө экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Теңгиз Бөлтүрүк, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин барганы айтылат.
«Кыргызстандын делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп барган. Делегация курамында Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Теңгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар. Сүйлөшүүгө «Центерра Голд» компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Пери баштаган топ катышты.
«Центерра Голд» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ийгиликтүү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын, позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүүлөр уланат», — деп айтылат маалыматта.












