Жеңиш Молдокматов: «5-октябрдагы революция максатына жеткен жок»

5-октябрдагы төңкөрүштө чоң саясий күчтөрдүн тиреши катуу болгон. Бирок жаштар аны билбей эле желекти кармап кыйкыра бериптирбиз. Мындай пикирди бүгүн, 16-мартта «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктейль” берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, 5-октябрдагы окуяларда саясатчылардан эл менен, жаштар менен Тилек Токтогазиев, Эльвира Сурабалдиева, Клара Сооронкулова, Жанар Акаев жүргөн. Бирок ошондо эле бийликти кайра эле эски саясатчылар карт бөрүлөр чечип, колуна алышкан.

«Октябрдагы революция максатына жеткен жок. Анда революция деле болгон жок. Жөн гана түшүнүксүз бийлик алмашуу болду деп айтса болот. Бирок учуру келгенде баары жооп берет», — деп айтты Молдокматов.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.