Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Ак үйдүн алдында жаңы Башмыйзамга жана мөөнөтүн узартып алган парламентке каршы митинг өттү. Нааразычылык акциясына чыккандар аталган митингдер мөөнөтсүз экенин, эгер Референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун президент кайтарбай, кол койчу болсо күрөштү дебаттар аркылуу улантышарын билдиришти.
Уюштуруучулардын бири болгон саясатчы Жеңиш Молдокматов: «Жапаровдун тарапташтары айтмакчы, «даканса» күрөшөбүз»,- деп сөзүн жыйынтыктады.
Митингди толугу менен шилтемеден көрө аласыз.