Жеңиш Молдокматов: «Ташиев темир тосмону ашып түшүп, алаасы айрылгандагысын бийликти басып алууга аракет десек болот»

Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров Ак үйдүн кашаасын ашып түшүп, алаасы айрылганда аларга “бийликти күч менен басып алуу” деген чоң кине коюлбады беле? Бүгүн бирөөнүн да күнөөсү жок го, таптаза. Мындай пикирди «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктель” берүүсүндөгү маегинде билдирди.

“Кечээ эле Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров Ак үйдүн кашаасын ашып түшүп, алаасы айрылганда чоң кине коюлбады беле. Бийликти күч менен басып алуу деген. Андан кийин Ысык-Көлдө Каракол шаарындагы митингде Садыр Жапаровго «таежесинин машинасын алып келип, Каптагаевди барымтага алды» деген кине коюлбады беле. Уюштурган Садыр Жапаров деп. Ошону менен УКМКга отурбады беле. Бүгүн бирөөнүн да күнөөсү жок го, таптаза. Күнөө коюш үчүн бийликти басып алуу боюнча аракет болуш керек”,- деди ал.

Анын айтымында адамдын оюндагысы менен айтып койгону кылмыш деп эсептелбейт.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.