Жеңиш Молдокматов: «Тилекмат душман эмес. Ал кыргыздын чыгаан уулдарынын бири»

Айрым ашыккан фанаттар оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, “ушулар камалсын, ушулар туура кылды Тилекматты (ред. Кудайбергенов) камап дегендерге айтат элем. Ар бир адамдын баласы бар. Тилекмат —  кыргыздын чыгаан уулу. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктейль” берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) душман эмес. Ал мамлекеттеги мыйзамсыздыкты, адилетсиздикти бийликтен тайманбастан, коркпостон айтып чыккан жигиттин бири.

“Ашыккан фанаттар айтып жатышат “чыгыштан, батыштан акча алат” деп. Айланайын, Тилектин үйүнө барып көрсөңөр эки бөлмөлүү ижарага алынган батирде турат. Кичинекей балдары бар. Аялы жакында эле ооруп, ооруканадан чыгарганбыз. Эми ошол баласынан коркпой, уялбастан жанакы автоматтар менен спецназ кирип барып жатат. Барсам чырылдап балдары ыйлап отуруптур. Келинчеги коркуп калыптыр”,- деди ал.

Кечээ, 15-мартта Тилекмат Кудайбергеновду укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен. Жеңиш Молдокматов Тилекмат Кудайбергеновду ИИМге караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалына алып кетишкенин жазган эле. Ал эми Бишкек шаардык милициясы бүгүн ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген.

Тилекмат Кудайбергенов Фейсбук социалдык түйүнүнө Тилекман Куренов деп катталган. Белгилей кетсек, 9-мартта «Ак үйдүн» жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясы болуп, анда 50дөй адам чогулган. Уюштуруучулардын башында аталган Тилекмат Куренов менен Жеңиш Молдокматов турушкан. Алар анда президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экендерин билдиришкен.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.