«Жеп жаткан наныбыз адал болбойт». Мадумаров Конституциянын бузулушу боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Депутат Адахан Мадумаров Конституциянын жана адам укуктарынын бузулушу боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

«Эмне үчүн мыйзамдардын тегерегинде ушунчалык чакчалекей түшүп жатабыз? Мунун максаты бирөө — Жогорку Кеңештин башкаруудагы ордун төмөндөтүү, депутаттардын макамына шек келтирүү жана Жогорку Кеңештин мамлекетте болуп жаткан окуяларга аракетин азайтуу. Биз өз колубуз, өз каалообуз, өз эркибиз менен тездетип жасап берип жатканыбызга аябай катуу суроо туудурат. Биз эл өкүлүбүз. Биз элдин айтканынан чыкпашыбыз керек. Ошондо көкүрөгүбүзгө тагып отурган төш белгиге, макамга ээ болобуз. Бирок чындыгына келгенде, Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алуу пунктуна айландык. Коомдо болуп жаткан окуяларга биздин таасирибиз жокко эсе. Депутаттар, Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жаранга жашоону кепилдикке берет, ошол эле учурда ар бир адамдын ден соолугу мамлекеттин байлыгы деп турат. Бүгүн биз мыйзамдуулукту тебелеп-тепсеп, өз билемдик кылып жашап жаткан бейбаш үй-бүлөгө айландык. Мыйзам да, Конституция да иштебейт. 

Бизде 28 жаран мыйзамсыз кармалып, түрмөдө отурат. Кечээ дарыгерлер эки кызды барып карап, ден соолугуна аябай коркунуч келип турат деп коңгуроо кагып турат. А бул жерде Жогорку Кеңеш эч нерсе болбогондой бюджетти карайлы, мыйзамды карайлы, регламентти карайлы… Балакет да алып келбейт биз кабыл алып жаткан мыйзам. Эч нерсеге жарабайт. Мен эскертем, бул коңгуроого же президент же Жогорку Кеңещ кулак какпаса, эртең азаптын чеңегелине кабылабыз. Же сөзсүз Марат Казакпаевге окшоп, сөөгү чыгышы керекпи? Биз бул жерде мыйзам кабыл алып отурабыз. Бул — кайдыгерлик. Соңку кезде сүйлөгүң да келбейт, ушул жерге киргиң да келбейт. Кайран Жогорку Кеңеш, кайран эл өкүлдөрү, кайран алып жаткан айлык, кайран басып жүргөн биз. Эмнени өзгөртө алабыз? Өз маселебизди чечкенден бөлөк эмне кылып жатабыз, туугандар? Же Конституцияны коргой албасак, адамдын укугун сактай албасак… 

Мен сиздерден суранам, биз соңку кездеги Конституциянын одоно түрдө бузулгандыгы жөнүндө комиссия түзүп, иликтемейинче Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин актабайт, жеп жаткан наныбыз адал болбойт», — деди ал.