Бишкекте шайлоочулардын 11,5% жергиликтүү шайлоолордо добуш бере алышпайт. Анткени алар биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Шайлдабекованын айтымында, борбор калаада 1 миллион 53 миңден ашык жаран жашайт. Алардын 417 миңге жакыны гана биометрикалык каттоодон өткөн. Бул калаадагы жалпы шайлоочулардын 39,5%ын гана түзөт.
Салыштыра турган болсок, 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоого 958 миңден ашык жаран катышкан. Башкача айтканда бул көрсөткүч 32,4% дегендик. БШК шайлоочулардын саны биометрикалык каттоону жайылтуудан улам көбөйгөнүн белгиледи.
Быйыл Бишкек шаардык кеңешин шайлоо үчүн борбор калаада 2 миң 273 шайлоо участогу жана 1 миң 421 шайлоо округу уюшулду.
Белгилей кетсек, БШКнын маалыматы боюнча өлкөдө 344 миң жаран биометрикалык каттоодон өтө элек. Жергиликтүү шайлоолор 11-апрелге белгиленип, 28 шаар жана 420 айыл аймактарында өтөт.