Жергиликтүү кеңештерде депутаттык мандаттардын санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Шаирбек Ташиев, Айбек Маткеримов.

 

Депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү алкагында бүтүндөй калктын кызыкчылыгын адилеттүү коргоону камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана конституциялык кепилдиктерди ишке ашыруу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи. «Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерге байланыштуу тиешелүү аймакта жашаган калктын саны өзгөрдү.Тең өкүлчүлүк принцибин сактоо үчүн жергиликтүү кеңештерде калктын иш жүзүндөгү санына ылайык мандаттардын санын көбөйтүү зарыл», — деди Марлен Маматалиев.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Бактыбек Сыдыков, Бекмурза Эргешов Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин санын калктын санын эске алуу менен белгилеген норманы кайра карап чыгууну сунушташты. Депутат Дастан Бекешев жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен башка айрым кызматтар менен дал келбестиги тууралуу беренеге көңүл бурду. Талкуунун жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.