Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына алдыдагы жергиликтүү шайлоолорго катышуу боюнча дагы бир партия билдирүү жиберди. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Ыйман нуру” партиясы да 11-апрелге белгиленген жергиликтүү шайлоого катышуу ниетин билдирген. Ошентип, учурда Бишкек шаардык кеңешинде мандат алууга эки партия ат салышып жатат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу боюнча билдирүүлөр 2021-жылдын 1-март күнү саат 23:59 га чейин кабыл алына турганын эскертет.
Белгилей кетсек, быйыл 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөт.