Жергиликтүү шайлоолор. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына дагы бир партия шайлоого катыша тургандыгын билдирди

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына алдыдагы жергиликтүү шайлоолорго катышуу боюнча дагы бир партия билдирүү жиберди. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ыйман нуру” партиясы да 11-апрелге белгиленген жергиликтүү шайлоого катышуу ниетин билдирген. Ошентип, учурда Бишкек шаардык кеңешинде мандат алууга эки партия ат салышып жатат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу боюнча билдирүүлөр 2021-жылдын 1-март күнү саат 23:59 га чейин кабыл алына турганын эскертет.

Белгилей кетсек, быйыл 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңештерде шайлоо  өтөт.