Жергиликтүү сотторго 19 судья дайындалды

Судьяларды тандоо кеңеши президент Садыр Жапаровго Чүй жана Ош облустарындагы райондук соттордун судьясы болуучу 20 талапкерди сунуштаган. Бул судьялык ыйгарым укуктардын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен 19 талапкер жергиликтүү соттордун судьясы болуп дайындалып, жарлыктарга кол коюлду.

Алар:

Ысык-Ата райондук соту:

— Садыков Урматбек Асанбекович;

Кара-Суу райондук соту:

— Анарботоева Бүбүсара Рустамовна;

— Сооронбаев Нурланбек Курманбекович;

— Токтомаматов Кыялбек Жантөрөевич;

Араван райондук соту:

— Сарыбаев Бакытбек Адилбекович;

Ноокат райондук соту:

— Бодоев Абдимавлян Көкөнович;

— Жусупбаев Шумкарбек Болотбекович;

— Матраимов Бахтияр Шамшиевич;

— Өмүралиев Бакытбек Эмилбекович;

Өзгөн райондук соту:

— Абдыкаров Өткүрбек Сыдыкалиевич;

— Артыкова Нуржамал Момунжановна;

— Каримбаева Чолпон Маматеминовна;

— Сарыбаев Өмүрбек Рыскулович;

— Шаматов Улан Шайлообекович.

Ош шаардык соту:

— Авазов Мирзат Абдисатарович;

— Батырбеков Жаналы Мамытович;

— Матисаков Кадырбек Монокбаевич;

— Өмүрзакова Арапатхан Абдылдаевна;

— Туманбаев Уланбек Бейшеналиевич.